Мен билек түрө көтөргөн элдин кызыкчылыгындагы маселелер, жиликтин башын зыркыратып, таманды ташка жанчый турган көйгөйлөр. Менин бүткүл үмүтүм, бардык ой-санаам элим менен болду. Арам саясаттын үстөмдүгүндө калгым келген жок. Көрсө, жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашкан достуктун устуну түбөлүк эмес экен. Мамлекеттин күйүтүн тартып, эч ким башын канжыгага байлабайт тура. Арстандын туусун сайсак да, чындык ортодо кала берет. Элдин эки чоң мүлкү бар. Биринчиси баатыр, экинчиси акылман. Тиле ...